21:09
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Өзбекстанда 12 жаштагы кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасады

Быйыл июнь айында Жизак облусунун Даштабад шаарында 6-класстын окуучусу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирет.

6-класстын окуучусу Эзозахон Сиддикова көп өлчөмдө уктатуучу дары ичип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Эртең менен апасы анын оор абалда жатканын көрүп, ооруканага алып барган. Ал жерде кыздын ашказанын жууп, бир апта дарылашкан.

Кыздын апасы Шаходат Хайдарова бул үчүн класс жетекчи Рано Кадырованы күнөөлөп жатат. Анын айтымында, класстын ремонту үчүн акча чогултуудан баш тарткандан кийин мугалим кызына басым көрсөтө баштаган.

№ 50 мектептин психологу өз жанын кыюуга аракет кылган кыздын апасынын сөзүн тастыктады. Мектеп жетекчилиги кыз үч айдан бери сабакка келбей жатканын психологго билдиришкен эмес.

№ 50 мектептин мугалими Рано Кадырова бардык айыптоолорду четке какты.

Райондук элдик билим берүү башкармалыгы мектеп жетекчилигине жана окутуучуга тиешелүү чара көрүлгөнүн маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар