Ошто ит капкан жети адам кутурмага каршы эмделүүдө

11:28, 04 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Ошто ит капкан жети адам кутурмага каршы эмделүүдө. Бул тууралуу «Жебе Медиа» сайты маалымдайт.

Ош облусунун Араван районунда 7 кишини 2 -июль күнү ит тиштеп алды. Алардын экөө жаш балдар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, алар азыр кутурмага каршы эмдөөдөн өтүштү. Абалы канааттандырарлык.