Чек арада кайра чатак. Ворухтун тургундары газ саткан кыргызды сабап салышты

09:20, 04 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын Ворух айылынын тургундары Аксайдын жашоочусун сабап кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине айыл өкмөтү Эргеш Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сайдын тургуну ооруканага түшкөн.

«Ал газ сатат. Бир тажик андан газ алыптыр. Аны бир тажик көрүп, эмнеге кыргыздан соода кыласың деп ызы-чуу салыптыр. Кийин ал бир нече киши менен келип, кыргызды сабап кеткен», — дейт ал.

Эргеш Ниязалиев Ворух-Исфара жолу тосулгандыгы боюнча маалыматты четке какты.

«Жол тосулган жок. Унаалар өтүп эле жатты. Бирок, Ворухтан эч ким чыккан жок. Анткени, алар күнөөлүү болуп жатышпайбы. Ак-Сайдын тургундары түнкү 3.00кө чейин сабаган кишинин табылышын талап кылып турушту», — дейт ал.