Өкмөт Нигериянын жаранын сабагандарды тезарада табууну буйруду

18:20, 03 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын борборунда Нигерия жаранын сабаган күнөөлүүнү кыска мөөнөттө табууну буйруду. Бул боюнча ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугушууда айтты.

Өкмөт башчысынын тапшырмасы боюнча шашылыш түрдө чуулуу окуяга тиешеси бар күнөөлүүнү тез арада кармоого оперативдүү иш-чараларды жүргүзүп жана мыйзам жоопкерчилигине тартууга тийиш.

Ошол эле учурда Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик сезондун башталышында коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын иштерин күчтөндүрүүнү тапшырган.

Мындан сырткары, жабыр тарткан Нигерия жаранын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Саламааттык сактоо министрлигине буйруду