Кылычбек Султан үч сааттан бери УКМКда сурак берүүдө

18:07, 03 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Кореядагы мурдакы элчиси Кылычбек Султан 3 сааттан бери сурактан чыга элек. Бул тууралуу super.kg сайты маалымдайт.

Буга чейин Кылычбек Султандын жактоочусу Таалайгүл Токтокунова экс-элчи УКМКга суракка чакырылганын маалымдаган.

Бүгүн саат 15.00дө ал жактоочусу менен бирге суракка кирип кеткен.

Кылычбек Султан акыркы күндөрү Алмазбек Атамбаевге колдоо көрсөтүп келет. Кечээ ал Кой-Ташта болду.