18:07, 03 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Кореядагы мурдакы элчиси Кылычбек Султан 3 сааттан бери сурактан чыга элек. Бул тууралуу super.kg сайты маалымдайт.
Буга чейин Кылычбек Султандын жактоочусу Таалайгүл Токтокунова экс-элчи УКМКга суракка чакырылганын маалымдаган.
Бүгүн саат 15.00дө ал жактоочусу менен бирге суракка кирип кеткен.
Кылычбек Султан акыркы күндөрү Алмазбек Атамбаевге колдоо көрсөтүп келет. Кечээ ал Кой-Ташта болду.