Санкт-Петербург шаарында кыргыз мигранттарына социалдык жатакана ачылды

09:21, 03 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Санкт-Петербург шаарында кыргыз мигранттарына социалдык жатакана ачылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Өндүрүшчүлөр ассоциасынын башчысы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтымында, жатакананы кыргызстандык Нуржан Осмонова ачкан.

Жатаканада жатуу биздин жарандар үчүн арзан. Ал жерде мигранттарга уруксат кагаздарын алууга, катталууга жана башка укуктук жардамдар көрсөтүлөт.