USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп Чарльз Гаррет дайындалды

18:01, 02 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Чарльз Гаррет дайындалды. Бул тууралуу ТИМ маалымдайт.

Ал бүгүн министр Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуп, ишеним грамотасын тапшырды.

Британиянын элчиси Кыргызстандагы Эл аралык өнүгүү боюнча министрлиги ишке ашырып жаткан долбоорлор келечекте улантылат жана кеңейтилерин билдирилди.

«Элчи ушул жылдын март айында Бишкектеги бизнес-форумга катышкан жана Кыргызстанга келген компаниялардын өкүлдөрү инвестициялар үчүн сунушталган шарттардын, жагымдуу бизнес климаттын жогорку деңгээлине жана жогорку максаттарга жетүүдө Кыргызстандын адам ресурстарынын даярдык деңгээлине ыраазы болгонун өзгөчө белгиледи», — дейт министрлик.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18