16:42, 02 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Нарын жаратылыш коругундагы аюу мене маралга спутник каргы салынды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги маалымдайт.
Алардын маалыматында, спутник каргы жаныбарлардын жашоосуна көзөмөл салып, илимий иликтөө иштерин жүргүзүүгө жардам берет.
Аюу 6-7 жашта, ага Илимбек деген ысым ыйгарылган. Спутник каргы менен ал эки айда төрт жолу Нарын дарыясын кечип өтүп, жакынкы айылга 1 километрдей барып, андан ары Ат-Башы районуна өткөн. Ал кайра корукка кайтып келди. Эки айда 643 чакырым жол жүргөн.Агенттик спутник каргы Борбор азияда биринчи жолу Кыргызстанда аюуга илинип жатканын белгилейт.