Аба-ырайы. Эртең Бишкекте күндүз жаан жаайт

14:05, 02 июля 2019, Бишкек - 24.kg

3-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тооллорго кар түшөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр болот. Тоо этектеринде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 22...27,

Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 21...26,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 21...26,

Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −1...+4, күндүз 12...17° болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 20...22, күндүз 24...26° жылыйт.