Токмокто уулангандардын саны 85ке жетти

12:09, 02 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарында жекшемби күнү тойдо уулангандардын саны 85 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Токмоктошу ооруканага алтоо жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык.

Токмоктон тышкары, Кочкор райондук ооруканасына дагы кайрылышкан. Ал жакта 16 киши дарыланууда. Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканада 9 киши жатат. 

Учурда тамактардын үлгүсү алынып, текшерүү жүрүүдө.