Токмокто 20 киши тамакка ууланды

09:25, 02 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарында 20 киши тамакка ууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, алар тойдо ууланышкан. 

Төртөө ооруканага жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык.