09:03, 02 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз районунда акча которуу учурунда кардарлардан паспорттун бардык барактарынын көчүрмөсүн талап кылышууда.
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы: «25-июлдан тарта «Western Union» аркылуу акча которгон ата-энелер үчүн жаңы эреже киргизилди: акча которуу үчүн паспорттун 48 барагынын көчүрмөсүн сурашууда. Буга чейин биринчи жана чек арадан өткөнү үчүн мөөр басылган барактарынын көчүрмөсү гана талап кылынчу», деди.
«Western Union» кызматы — тез акча которууда түркмөнстандыктар үчүн жападан жалгыз мүмкүнчүлүк.
Акча которууда чектөөлөр бар. Учурда өлкө жашоочулары чет мамлекеттерге айына 300 доллардан ашык каражат жөнөтө алышпайт.
2016-жылы Түркмөнстанда валюталарды эркин конвертациялоо токтотулгандан кийин түркмөн бийлиги өлкө тышында жана ичинде акча которууларга чектөө киргизип келет.
«Western Union» кызматын адатта чет өлкөдө балдары окуган түркмөнстандыктар колдонот.