Кой-Ташта сууга түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

15:46, 01 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Кой-Ташта сууга түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Маалыматка караганда, анын сөөгүн суу 2 чакырымдай жерге агызып кеткен.

1993-жылы туулган Б.С. аттуу эркек киши 30-июль күнү сууга түшүп кеткен. Аны издөөгө Бишкек шаардык башкармалыгынан 20, Суучулдар борборунан 4, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан төртөө тартылган.

Каза болгон жарандын жубайынын 36 апталык боюнда бар. 30-июль күнү алар туулган күндү белгилөө үчүн тоого чыгып кетишкен.