Кой-Ташта сууга түшүп кеткен жаранды 62 куткаруучу издөөдө

09:06, 01 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусу, Аламүдүн районунун  Кой-Таш айылындагы дарыяга түшүп кеткен жаранды 62 куткаруучу издөөдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

1993-жылы туулган Б.С. аттуу эркек киши 30-июль күнү сууга түшүп кеткен.  Аны издөөгө Бишкек шаардык башкармалыгынан 20, Суучулдар борборунан 4, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан төртөө тартылат. Кечээ жаран табылган жок. 

Издөө бүгүн да улантылат.