Кой-Таштагы абал. Алмазбек Атамбаевдин үйүнө тарапташтары чогулууда

11:19, 28 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө анын тарапташтары чогулууда.

Кой-Ташта абал туруктуу. Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдин тышкы күзөтчүлөрүнөн 2 киши алынды. Ал эми УКМКнын Тогузунчу кызматынын кызматкерлери жеке күзөт иштерин улантышууда.

Учурда 200гө жакын киши топтолду.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты. Чечим бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.

103 депутат макул деген добуш берди, 6 эл өкүлү каршы болду.