Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессияга адаттагыдай кечигишүүдө

10:23, 28 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессияга кечигип жатышат. Сессия саат 9да башталышы керек эле, бирок саат 10:00дө кворум жок. 

Фото

Кезектеги сессия кечээ башталган. Күндүн темасында 10 маселе, «Ар кандай» бөлүмүндө дагы 3 маселе бар.

Бүгүн «Газпром» мектебин оперативдүү башкармалыкка өткөрүп берүү маселеси каралмакчы.