Миңден ашуун мугалим «Асыл» пансионатында эс алышат

09:23, 28 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Миңден ашуун мугалим «Асыл» пансионатында эс алышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ден соолукту чыңдоочу комплекс Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой айылында жайгашкан. Анда 12 поток менен (ар биринде 90 мугалим) мугалимдер эс алышат.

«Жолдомолор профсоюз линиясы боюнча, мындан тышкары сынактарда жана олимпиадаларда алдыңкы орундарды камсыздаган окуучулардын мугалимдери үчүн берилет», -деп айтылат маалыматта.