Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматынан кол жууду

09:07, 28 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик күзөт кызматынан кол жууду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Twitter социалдык тармагына жазды.

Айтымында, күзөт кызматы бүгүн саат 4:30да алынды.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев аны кармоого келгендерге каршылык көрсөтөм деген.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты. Чечим бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.

103 депутат макул деген добуш берди, 6 эл өкүлү каршы болду.