14:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев бүгүн кечки саат 6да маалымат жыйын өткөрөт

Алмазбек Атамбаев бүгүн кечки саат 6да Кой-Таштагы үйүндө журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айтымында, учурда Алмазбек Атамбаев учурда Кой-Таштагы үйүндө.

«Алмазбек Шаршенович бардык суроолорго маалымат жыйын учурунда жооп берет. Иш-чарага ЖК депутаттары дагы катышат», — деди Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты. Чечим бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.



Эң көп окулган жаңылыктар