ЖККУнун коопсуздук кеңеш катчылары тажик-ооган чек арасындагы абалды талкуулайт

11:02, 27 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте ЖККУ мүчөлөрү- Коопсуздук кеңешинин катчылары комитетинин жыйыны башталды. Ага Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев төрагалык кылууда.

Маалыматка караганда, жолугушуулар тар жана кеңири курамда болот.

Күндүн темасына тажик-ооган чек арасындагы чыңалууну төмөндөтүүгө багытталган кошумча чараларды жана 2019-2021-жылдар үчүн БУУнун террорго каршы стратегияларын ишке ашыруу боюнча жамааттык аракеттер планын талкууга алуу киргизилген.