Москвада иштеп жаткан кыргызстандык кыз изделүүдө

10:23, 27 июня 2019, Бишкек - 24.kg

31 жаштагы Назгүл Токтоналиева изделүүдө. Анын сүрөтүн бир тууган эжеси социалдык тармакка жүктөп, жарыя жазган. 

Фото

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну Назгүл Токтоналиева жалгыз уулун бир тууган эжесине таштап, Москвага иштегени кеткен.

«Акыркы жолу апасынын ооруп жатканын угуп, 31-майда жолго чыкмак. Ошол бойдон дайынсыз», -деп айтылат маалыматта.