Орто-Сай базарында павильон күйүп кетти

09:39, 27 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Орто-Сай базарында павильон күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Өрт тууралуу билдирүү саат 5:27де келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, саат 5:27де тилсиз жоону өчүрүштү. Кырсыктын себептери такталууда», -деп билдиришти ӨКМдан.