16:29, 26 июня 2019, Бишкек - 24.kg
«Сары-Өзөн» жаңы конушунда эки жумадан бери ичүүчү таза суу жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман жазды.
Маалыматка караганда, кошуна «Арча-Бешик» жана Селекция айылында суу бар. Тургундар көйгөйдү тезирээк чечип берүүнү суранышат.
Белгилей кетсек, сугат маалы башталгандан тарта ичүүсү суунун күчү азайгандыгын айтып, айрым райондордун тургундары нааразы болушкан.