Пара алып жаткан кызматкер кармалды

15:06, 26 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы 70 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бөлүм башчы ишкерден 5 миң доллар пара талап кылып, 70 миң сомун алып жаткан жеринин кармалды.

Билдирүүгө ылайык, ал ишкерди «кылмыш жообуна тартам» деп коркуткан.