Кербен шаардык кеңешинин депутаты кишини сабоого шектелүүдө

13:35, 26 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кербен шаардык кеңешинин депутаты кишини сабоого шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аксы РИИБсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-июнда Аксы районунун тургуну Тажимамат Алымкулов аймактык ооруканага келип түшкөн. Дарыгерлер бул тууралуу милицияга билдиришкен.

«Милиция жабырлануучудан арыз алышкан. Жабыркаган жаран 22-июнда Кербен шаардык кеңешинин депутаты сабап салганын айткан. Тиешелүү экспертиза дайындалды», -деп айтылат маалыматта.