11:40, 26 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата «Ашлям-фу Fest» иш-чарасы уюштурулат. Анда 1 жарым миң тонна ашлям-фу жасалат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, майрамдык иш-чара 1-июль күнү Ч. Айтматов атындагы борбордук аянтта өтөт.
«Ашлямфуну шаардын мыкты он ашпозчусу жасайт. 3,5 мин адамга жетет деген ойдобуз», — дейт шаардын вице-мэри Гүлназ Орозова.
Бул күнү шаардыктарга чакан концерттик иш-чара тартууланат.