Нарын облусунда жол эрежелерин бузган 169 айдоочуга протокол түзүлдү

10:00, 26 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунда жол эрежелерин бузган 169 айдоочуга протокол түзүлдү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июндан 25июнга чейин атайын рейд уюштурулган. Жыйынтыгында жол эрежелерин бузгандардын ичинен 7 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталды.

Мындан тышкары терезесин караңгылатып айдаган 3 айдоочуга, бейбаштык кылган 1 айдоочуга протокол түзүлүп, 11 унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.