Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титиреди

09:36, 26 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Жер титирөө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Өтүкчү жана Кызыл-Коргон айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.