18:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафону өтөт

Эртең Бишкектеги Медиа Форумдун алдында «Эркин микрофон» акциясы өтөт. Аталган иш-чара «Апрель» телеканалы тарабынан уюштурулган «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафонунун алкагында уюштурулат.

Иш-чара саат 10:00дөн 18:00гө чейин уланат. Анда каалаган жарандар өлкөдөгү абал, мыйзамсыздык жана саясий куугунтуктоо тууралуу өз оюн билдире алышат.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда саясий туткундарды коргоо комитети «Саясий туткундарга эркиндик» аттуу жарандык акцияларды байма-бай өткөрүп келишкен. Анда алар саясий негиз менен камакта отурган саясатчылар менен активисттердин ишин кайра карап чыгып, алар боюнча адилет чечим чыгарууну талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар