Бишкек-Торугарт унаа жолундагы видеокамераны аткылап жарактан чыгарышты

15:42, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы видеокамераны аткылап жарактан чыгарышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:56да Аламүдүн РИИБга Бишкек-Торугарт унаа жолунун 10-чакырымында орнотулган камера жарактан чыкты деген маалымат келип түшкөн.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, камераны белгисиз ок атуучу курал менен атышкан. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды.

Камераны сайсыз мылтык менен атышканы айтылууда.