Москва шаарынан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык жаранды карактап кетишти

14:39, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Москва шаарынан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык жаранды карактап кетишти. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, 24-июнда кечинде «02» кызматына Кыргызстандын 1991-жылы туулган жаранынан каракчылык тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жабырлануучунун унаасынан белгисиз 2 жүргүнчү бычак менен коркутуп телефонун жана 101 миң рублин алып качып кетшкен.

Материалдык чыгымдын суммасы 106 миң рублди түздү. Полиция факт боюнча кылмыш ишин козгоду.