Кыргызстанда даректүү тасмалардын фестивалы өтөт

14:16, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда зордук-зомбулуктун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата даректүү тасмалардын фестивалы өтөт. Бул тууралуу «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, адам укуктарынын жана эркиндигинин бузулушу тууралуу тасмаларды көрсөтүү 2007-жылдан бери уланууда.

Тасма тартууланган соң тасмада орун алган көйгөйлөр, аялдар, мигранттардын балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тууралуу талкуу болот.

Эртең зордук-зомбулуктун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата Каракол шаарында «Кыйноодон кийинки жашоо. Төрт тагдыр» даректүү тасмасы тарууланат.