«Коопсуз шаар». Өлкө аймагында камералар 2020-жылы орнотулат

14:08, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча өлкө аймагында камералар 2020-жылы орнотулат. Бул тууралуу маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Айтымында, сынактык арыздар 27-июнда ачылат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы бүткүл өлкөнү камтыйт. Анда жалпы 306 жайга камералар орнотулат.