11:09, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Балдардын гармониялуу өнүгүүсү-мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда билдирди.
«Биз илгертен эле балага карата болгон баалуулуктарды аздектеген коом болуп келгенбиз. Ата-бабаларыбыз балдарды бапестеп, кийинки муунду чоӊ камкордук менен өстүргөн. Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча азыркы учурдагы көрсөткүчтөрү да жаман эмес. Бириккен Улуттар Уюму белгилеген — Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири -балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири», -деди президент.
Айтымында, кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты. Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү. Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды.