10:30, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Казакстандын Арыс шаарында жайгашкан кампадагы жарылууга байланыштуу «Кыргыз темир жолунун» Бишкек-Москва багытындагы № 17 жүргүнчүлөрдү ташыган поезди токтотулат. Бул тууралуу «Азаттык» аталган мекемеге шилтеме берип жазды.
Каттам качан жүрө турганы боюнча маалымат айтылган эмес.
24-июнда Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарына жакын жердеги курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, өрт тутанды. Бир киши каза таап, ооруканага ондогон адамдар түшкөнү кабарланды.
Казакстанда Ички иштер министрлигинин аскердик-тергөө бөлүмү жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду