Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар болду

10:10, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору болуп Алимбек Абдылдаев дайындалды. Буга чейин ал «Бишкекжылуулукэнерго» мекемесин жетектеп келген.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын жаңы директору болуп Виктория Мозгачева дайындалды. Буга чейин ал ишкана директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.