Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген дарбыздар ден соолук үчүн кооптуу

08:57, 25 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы базарларды текшерүү маалында, нитраттардын жогорку санда катталган учурларын аныктады. Бул маалымат Фейсбук социалдык тармактарында жарыяланды. 

Фото

«Жаңы бышкан дарбыз үчүн нитраттын курамы 60 миллиграммдан, коондуку 90 миллиграмдан ашпаш керек. Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген азыктарда нитраттын саны 200-203 миллиграммды түзүүдө. Жогоруда аталган факты калктын ден соолугу үчүн кооптуулукту жаратат», -деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу мамлекеттик инспекция Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген азыктарга көзөмөлдү күчөтүүнү суранган.