Аламүдүн базарынын айланасындагы аялдама комплекси ирээтке келтирилүүдө

17:55, 24 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы Аламүдүн базарынын айланасындагы аялдама комплексин ирээтке келтирүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, рейд учурунда «Бишкек — Токмок», «Бишкек — Кант», «Бишкек —Виноградное айылы» жана «Бишкек — Ленин айылы» шаар аралык каттамдагы чакан автобустун айдоочуларына 5 протокол жана 2 акт түзүлдү. 

«Протокол жана актылар шаардык коомдук унааларга тоскоолдук жаратуу, мыйзамсыз унаа токтотуу, аялдамаларда авариялык абалдарды жаратуу үчүн түзүлдү», -деп айтылат маалыматта.