16:47, 24 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Башкы прокуратура мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын чечимин кароого киришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, адистер Жогорку Кеңеш жөнөткөн документти иликтеп, андан кийин парламентке кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу оюн билдиришет. «Кеп кылмыш ишин козгоо тууралуу эмес, иммунитеттен ажыратуу тууралуу гана болууда. Балким бул ишти иликтөө бир жумага чейин созулушу мүмкүн. Азырынча эч кандай сурак жүргүзүлбөйт, кылмыш иши козголбойт», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Эске салсак, 20-июнда парламент Башкы прокуратурага мурунку президентке карата кылмыш ишин козгоо үчүн атайын комиссиянын чечимин жөнөткөн.