Атамбаев жана Жээнбеков. Бишкекте социалдык эксперимент жүргүзүштү

15:56, 24 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жаштар арасында социалдык сурамжылоо жүргүзүлдү. Видеоролик Фейсбук социалдык тармагына жүктөлдү. 

Сурамжылоонун катышуучуларына мурунку президент Алмазбек Атамбаевге же азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго добуш берүүнү сунушташты. 3-плакатта достук үчүн добуш берсе боло турганы көрсөтүлгөн. 

Сурамжылоонун жыйынтыгында биринчи орунда -достук, экинчиде Алмазбек Атамбаев жана акыркы орунда Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөн.