16 жаштагы кыз сүрөткө түшүп жатып чөгүп кетти

10:41, 24 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна 16 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, кечээ 19:00 чамасында «12 каминов» эс алуу комплексинин жанында, дарыя боюнда селфи жасап жаткан кыз сууга түшүп кеткен.

Аны издөө иштери жүрүүдө.