Азияда чочко оорусу жайылып жатат

17:30, 21 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Кытайда миллионго жакын чочко кырылды. Бул тууралуу эл аралык ЖМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Азия өлкөлөрүндө өтө кооптуу чочко ылаңы жайылып жатат.

Айрым эксперттер эпидемиялык кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертишти.

Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча эл аралык уюм 20-июнда Вьетнамда 2,6 миллион чочко жок кылынганын билдирди. Илдет Лаос, Гонконг, Тайван, Түндүк Корея, Камбожа жана Монголияда да катталган.