Матраимовдор Кара-Сууда ири мечит курууда

17:00, 21 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Матраимовдор Кара-Суу шаарында ири мечит курууда. Маалыматты 24.kg агенттигине райондук акими Тилек Матраимов ырастады.

Анын айтымында, мечит «Исмаил Ата» фондунун акчасына салынууда.

«Канча каражат кетерин айта албайм. Демөөрчүлөр да бар. Бирок, алар атын атагысы келбейт», — деди ал.

Маалыматка караганда, мечит 4 миң орундуу болот.