14:13, 21 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Кечээ Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирип кетип жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Окуя Курманжан датка көчөсүндө болгон.
«Шаардын 1987-жылы туулган тургуну 4-кабаттан секирген. Ал 1-кабатта жайгашкан оорукананын чатырына кулап , бутун кокустатып алган. ӨКМдин куткаруучулары аны чатырдан алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти», -деп айтылат маалыматта.