13:48, 21 июня 2019, Бишкек - 24.kg
Кечээ Ош облусуна караштуу Араван районунун Кайрагач-Арык айылындагы Түштүк Фергана каналына 2 адам чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык саат 13:50 чамасында болгон.
«Каналга 1 эркек жана 1 аял киши түшүп кеткен. Жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер тартылган. Бирок табылган жок. Аларды издөө иштери бүгүн да улантылат», — деп билдиришти ӨКМдан.