10:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Уруксат берилбеген жерге таштанды таштагандарга 606,5 миң сом айып салынды

Уруксат берилбеген жерге таштанды таштаган бишкектиктерге 606,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Санитардык-экологиялык инспекция Бузуулар тууралуу кодекс боюнча иштөөнү улантууда. 15-майдан 18-июнга чейин бузуулар тууралуу жалпы 814,5 миң сомдук 87 протокол түзүлгөн. 72 протокол боюнча жазага киргизүү тууралуу токтом чыгып, 606,5 миң сом айып салынды.

Бузууларга көрктөндүрүлгөн аймактарга таштанды таштоо, таштандыларды өрттөө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби