Бишкек милициясы бүтүрүү кечесине карата күчөтүлгөн режимде иштейт

09:18, 21 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек милициясы мектепти бүтүрүү кечесине карата күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. Маалыматка караганда, коомдук тартипти 600дөн ашуун тартип сакчысы көзөмөлдөйт.

Мектептерде, оюн-зоок көңүл ачуу борборлорунда, эл көп жайгашкан жайларда кошумча мобилдик топ бекитилет.

Эске салсак, 9-класстын окуучулары аттестатты 21-июнда, 11-класстар 24-июнда колго алышат.