Москвада изделип жаткан кыргызстандык кыз табылды

17:55, 20 июня 2019, Бишкек - 24.kg

Москвада дайынсыз жоголгон 18 жаштагы кыргызстандык кыз табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июнь айынын башында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 2001-жылы туулган Т.Б. дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Изделип жаткан кыз 2018-жылдын октябрында Кыргызстандан Москвага келген. Ушул жылдын мартынан тарта ал туугандары мене байланышты үзүп койгон. Тиешелүү кызматтар издөө иштерин жүргүзүп, 17-июнда Т.Б.ны Москвадан табышты. Ал өзүнүн түшүнүк катында Россиянын жараны, Баткен облусунун тургуну 2000-жылы туулган С.Б. аттуу менен жашап жаткандыгы, бирге чарбачылык менен алектенип жатышкандыгын билдирген. Ошондой эле, ал жолдошу экөө үйлөнөбүз дегенде эки тарап макулдук бербей койгондуктан, байлынышты үзүп сүйлөшпөй коюшкандыгын маалымдаган», -деп жазылат маалыматта.