Бишкектин айрым аймактарында көгүлтүр от берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү даректерде берилбейт:
- 24-28-июнда «Жал» кичи районунда, ошондой эле Садырбаев— Гагарин — Манас — Пожарский — Медеров — Абай — Ахунбаев — Ташкөмүр — Ажибек Баатыр көчөлөрү менен чектеш аймактарда жана «Теплоэнергоремонт».
- 24-26-июнда Чүй- Достоевский-Веселая- Салиева- Буденный.
- 25-26-июнда «Тунгуч» кичи району.
- 26-27-июнда Рыбинский бурулушу.